OGOGO /Документтер/OGOGO коомдук офертасы
Башкы бетке кайтуу
OGOGO Legal

OGOGO коомдук офертасы

OGOGO санарип платформасынын актуалдуу коомдук офертасы.

«OGOGO» санариптик платформасында санариптик идентификация жана идентификаторлорду колдонуу эрежелерине кошулуу жөнүндө коомдук оферта

01.06.2024-жылдан тартып колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексин эске алган редакция 31.07.2025-жылдан тартып колдонулат.

Мурунку аталышына шилтеме: бул документ мурда ««OGOGO» санариптик платформасында жөнөкөй электрондук кол тамганы колдонуу эрежелерине кошулуу келишимин түзүү боюнча коомдук сунуш (оферта)» деп аталган. Ушул редакция аталган документтин жаңыртылган редакциясы болуп саналат. Келишимдерде, арыздарда, колдонуучу келишимдеринде, макулдуктарда, басма формаларда жана башка документтерде мурунку аталышка берилген бардык шилтемелер ушул Коомдук офертага жана «OGOGO» санариптик платформасында санариптик идентификация жана идентификаторлорду колдонуу эрежелерине берилген шилтемелер деп эсептелет.

Ушуну менен «ОГОГО» ЖЧКсы, мындан ары «Лицензиар» деп аталат, ошондой эле «OGOGO» санариптик платформасынын катышуучулары болуп саналган финансы-кредиттик уюмдар, лизингдик компаниялар, соода уюмдары жана башка жактар, биргелешип ««OGOGO» санариптик платформасынын катышуучулары» деп аталат, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 396-беренесин жана 398-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын жараны болгон жана мындан ары «Кардар» деп аталган ар бир жеке жакка Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 387-беренесине ылайык «OGOGO» санариптик платформасында санариптик идентификация жана идентификаторлорду колдонуу эрежелерине (мындан ары - Эрежелер) кошулуу келишимин түзүү боюнча мөөнөтсүз сунушту (коомдук офертаны) жөнөтөт.

Кардар ушул офертаны толук жана шартсыз кабыл алуусун «OGOGO» мобилдик тиркемесинде же Кардарлар үчүн арналган «OGOGO» санариптик платформасынын башка интерфейсинде ушул оферта жана/же Эрежелер менен таанышкандыгы жөнүндө белгини коюу жана OTP-код же «OGOGO» санариптик платформасында каралган башка идентификатор аркылуу аракетти ырастоо менен жүзөгө ашырат. Мындай акцепт Кардар менен «OGOGO» санариптик платформасынын катышуучуларынын ортосунда ушул Эрежелерге кошулуу келишими түзүлгөнүн, Кардар Эрежелер менен таанышканын жана алардын бардык шарттарын толук жана шартсыз кабыл алганын билдирет.

Ушул Эрежелер Кардардын аракеттерди, таанышууну, макулдукту, эрк билдирүүнү, санариптик жазууларды жана санариптик документтерди түзүүнү, кол коюуну жана/же жөнөтүүнү ырастоодо идентификаторлорду, анын ичинде OTP-кодду, санариптик идентификацияны жана санариптик аутентификацияны колдонуу тартибин жөнгө салат. Ушул Эрежелерге кошулуу «OGOGO» санариптик платформасынын катышуучуларына Кардар менен башка келишимдерди түзүү милдетин жүктөбөйт.

Бул оферта жокко чыгарылганга чейин же мобилдик тиркемеде же https://ogogo.kg интернет-сайтында жаңы редакция жарыяланганга чейин колдонулат.

1. Терминдер жана аныктамалар

1.1. OTP - OTP агрегатору тарабынан түзүлгөн жана Кардардын телефон номерине SMS-билдирүү аркылуу жөнөтүлгөн бир жолку ырастоо коду. «OGOGO» санариптик платформасында OTP Кардардын идентификатору жана/же аракеттерди, таанышууну, макулдукту, эрк билдирүүнү, санариптик жазууларды жана санариптик документтерди түзүүнү, кол коюуну же жөнөтүүнү ырастоодо санариптик аутентификациянын ачкычы катары колдонулат.

1.2. SMS - уюлдук телефон аркылуу кыска тексттик билдирүүлөрдү кабыл алуу жана жөнөтүү технологиясы.

1.3. Кардардын телефон номери - Кардар «OGOGO» санариптик платформасында же каржылоо арызында көрсөткөн, OTP агрегатору OTP жана SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүүчү уюлдук телефон номери.

1.4. Кардардын идентификатору - «OGOGO» санариптик платформасында санариптик жазууларды Кардар менен байланыштырууга жана Кардардын санариптик чөйрөдөгү аракеттерин ырастоого колдонулган OTP-код, телефон номери, ПИН, логин же башка маалымат.

1.5. Санариптик аутентификация - идентификатор менен Кардардын ортосундагы байланышты ачкычтын жардамы менен ырастоо, анын ичинде OTP-код, пароль же «OGOGO» санариптик платформасында каралган башка ырастоо ыкмасы аркылуу.

1.6. Санариптик жазуу - «OGOGO» санариптик платформасында түзүлгөн, иштетилген, жөнөтүлгөн же сакталган санариптик формадагы жазуу.

1.7. Санариптик документ - бүтүндүгү санариптик кол тамга же ушул Эрежелерге жана Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексине ылайык колдонулган идентификатор аркылуу камсыз кылынган санариптик жазуу.

1.8. Документтер - каттоо, арыз берүү, каржылоону тариздөө, товарларды сатып алуу же «OGOGO» санариптик платформасында кызматтарды алуу үчүн зарыл болгон келишимдер жана алардын тиркемелери, бланктар, арыздар, акцепт арыздары, анкеталар, маалымкаттар, макулдуктар, төлөм эсептери, актылар, буйруктар, купуялуулук саясаттары, колдонуучу келишимдери, чечимдер, протоколдор, маалымат баракчалары жана башка документтер, алар санариптик жазуулар жана/же санариптик документтер түрүндө түзүлөт.

1.9. «OGOGO» санариптик платформасы - «OGOGO» программалык камсыздоосу, анын бардык компоненттери, модулдары, микро-сервистери, компьютердик программалары, «OGOGO BUSINESS» жана «OGOGO» мобилдик тиркемелери, https://ogogo.kg веб-домени жана анын субдомендери, алгоритмдери, «OGOGO» товардык белгиси жана Лицензиардын интеллектуалдык менчиги болуп саналган башка курамдык бөлүктөрү.

1.10. «OGOGO» санариптик платформасынын катышуучулары - Лицензиар, соода уюмдары, финансы-кредиттик уюмдар, лизингдик компаниялар, камсыздандыруу компаниялары жана «OGOGO» санариптик платформасын мыйзамдуу негизде колдонгон башка жактар.

1.11. OTP агрегатору - «Никита Онлайн» ЖЧКсы же OTP түзүү жана SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүү боюнча Лицензиар же «OGOGO» санариптик платформасынын тиешелүү катышуучусу келишимдик мамиледе болгон башка юридикалык жак.

1.12. Кардар - Кыргыз Республикасынын жараны болгон, катталуу, товарларды сатып алуу, каржылоо арызын берүү, кызматтарды алуу же санариптик чөйрөдө башка аракеттерди жасоо үчүн «OGOGO» санариптик платформасын колдонгон жеке жак.

1.13. Лицензиар - «OGOGO» санариптик платформасынын укук ээси болуп саналган «ОГОГО» ЖЧКсы.

1.14. Лицензиат - Кардардын каржылоо арызын караган жана Лицензиар менен түзүлгөн келишимдин негизинде «OGOGO» санариптик платформасын колдонгон финансы-кредиттик уюм же лизингдик компания.

2. Жалпы жоболор

2.1. Ушул Эрежелер «OGOGO» санариптик платформасынын катышуучулары менен Кардардын ортосунда «OGOGO» санариптик платформасында аракеттерди ырастоодо жана санариптик жазуулар жана санариптик документтер менен иштөөдө идентификаторлорду, анын ичинде OTP-кодду колдонуу боюнча мамилелерди жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

2.2. OTP мурдагы мыйзамдык түшүнүктөгү жөнөкөй электрондук кол тамга катары эмес, Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексине ылайык Кардардын идентификатору жана/же санариптик аутентификациянын ачкычы катары колдонулат.

2.3. Кардардын «OGOGO» санариптик платформасында OTP-кодду киргизүүсү же башка идентификаторду колдонушу Кардар менен мындай идентификатордун байланышын ырастайт жана жасалып жаткан аракетке жараша Кардардын тиешелүү санариптик жазуу менен таанышканын, анын мазмунуна макулдугун жана/же мындай санариптик жазууну түзүүгө, кол коюуга же жөнөтүүгө эрк билдирүүсүн так көрсөтөт.

2.4. Кардардын идентификатору ушул Эрежелерге ылайык колдонулган санариптик жазуу Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексинде каралган учурларда жана тартипте санариптик документ деп таанылат.

2.5. Эгер документке «OGOGO» санариптик платформасынын катышуучусу тарабынан кол коюу талап кылынса, мындай катышуучу тиешелүү санариптик документке Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексине жана колдонулуучу мыйзамдарга ылайык санариптик кол тамга менен кол коюуга укуктуу.

2.6. Кардар «OGOGO» санариптик платформасында көрсөткөн же «OGOGO» санариптик платформасынын ишинин алкагында алынган персоналдык маалыматтар жана башка санариптик маалыматтар Кардардын макулдуктарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде санариптик идентификация, санариптик аутентификация, каттоо, арыздарды кароо, бүтүмдөрдү тариздөө, келишимдерди аткаруу, макулдуктарды алуу жана «OGOGO» санариптик платформасынын ишин камсыз кылуу үчүн колдонулат.

3. OTP жана башка идентификаторлорду колдонуу тартиби

3.1. OTP агрегатору OTP түзөт жана аны SMS-билдирүү аркылуу Кардардын телефон номерине жөнөтөт.

3.2. Лицензиар OTP агрегатору түзгөн OTPге Кардар аны «OGOGO» санариптик платформасына киргизгенге чейин жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес, эгер OTPни текшерүүнүн техникалык процесси башкача талап кылбаса.

3.3. Аракетти, таанышууну, макулдукту, эрк билдирүүнү, санариптик жазууну же санариптик документти түзүүнү, кол коюуну же жөнөтүүнү ырастоо үчүн Кардар алган OTPни анын колдонуу мөөнөтү ичинде «OGOGO» санариптик платформасынын тиешелүү талаасына киргизет жана тиешелүү аракетке арналган ырастоо, кол коюу, акцепт же башка баскычты басат.

3.4. Туура OTP киргизүү үчүн Кардарга 3 (үч) аракеттен ашык эмес мүмкүнчүлүк берилет, эгер «OGOGO» санариптик платформасынын интерфейси же конкреттүү сервистин шарттары башка тартипти карабаса.

3.5. Кардардын документ менен таанышкандыгы жана макулдугу жөнүндө белгини коюу менен жана жарактуу OTP колдонуу аркылуу аракетти ырастоосу «OGOGO» санариптик платформасында сунушталган санариптик жазуунун же санариптик документтин шарттарына Кардардын макулдугу болуп эсептелет.

3.6. Кардар OTPни ийгиликтүү киргизгенде тиешелүү аракет Кардар тарабынан ырасталды деп эсептелет, ал эми тиешелүү санариптик жазуу же санариптик документ ушул Эрежелерге ылайык Кардардын идентификатору менен ырасталды деп эсептелет.

4. Маалыматты сактоо

4.1. Ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн шарттар сакталган учурда Лицензиар «OGOGO» санариптик платформасында OTP же башка идентификатор колдонулган фактыны белгилейт жана тиешелүү санариптик жазууларды «OGOGO» санариптик платформасынын тиешелүү катышуучусуна өткөрүп бергенге чейин же мыйзамдарда, келишимде же ички сактоо эрежелеринде белгиленген мөөнөттө сактайт.

4.2. Санариптик жазуу же санариптик документ ырасталгандан кийин Кардар «OGOGO» санариптик платформасынын функционалында мындай мүмкүнчүлүк каралган болсо, жеткиликтүү документтерди жеке кабинетинен жүктөп алууга укуктуу.

4.3. OTP агрегатору Кардардын телефон номерине OTP жөнөтүү жөнүндө жазууларды (логдорду), телефон номерин, жөнөтүлгөн күндү жана убакытты көрсөтүү менен, сактоону камсыз кылат.

4.4. OTP агрегатору киргизилген OTPни текшерүүнүн натыйжасы жөнүндө жазууларды (логдорду), текшерүү күнүн жана убакытты көрсөтүү менен, сактоону камсыз кылат.

5. Кепилдиктер, укуктар, милдеттер жана жоопкерчилик

5.1. Ушул Эрежелерди акцепт кылуу жана «OGOGO» санариптик платформасында OTP же башка идентификаторду колдонуу менен Кардар төмөнкүлөрдү тастыктайт жана кепилдик берет:

5.1.1. Кардар OTP «OGOGO» санариптик платформасында анын идентификатору жана/же санариптик аутентификациянын ачкычы катары колдонуларын түшүнөт;

5.1.2. Кардар «OGOGO» санариптик платформасында өзү ээлик кылган же мыйзамдуу колдонгон телефон номерин көрсөткөн;

5.1.3. Кардардын телефон номерине, мобилдик түзмөгүнө, OTPге, паролдорго жана «OGOGO» санариптик платформасына кирүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтарга үчүнчү жактардын жетүү мүмкүнчүлүгү жок;

5.1.4. Кардар байланыш каналдарын, SMS-билдирүүлөрдү жана Интернетти колдонууга байланышкан тобокелдиктерди, анын ичинде үчүнчү жактардын Кардардын телефон номерине, мобилдик түзмөгүнө, OTPге же башка идентификаторлоруна уруксатсыз жетүү тобокелдигин кабыл алат.

5.2. Кардар OTP, паролдор жана «OGOGO» санариптик платформасына кирүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтардын купуялуулугун сактоого, аларды үчүнчү жактарга бербөөгө жана уруксатсыз жетүү же мындай жетүү коркунучу жөнүндө Лицензиарга же «OGOGO» санариптик платформасынын тиешелүү катышуучусуна токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.

5.3. «OGOGO» санариптик платформасынын катышуучулары жана Лицензиар Кардар так эмес маалымат бергенден, Кардар ээлик кылбаган же мыйзамдуу колдонбогон телефон номерин колдонгондон, OTPни үчүнчү жактарга бергенден, үчүнчү жактар Кардардын телефон номерине, мобилдик түзмөгүнө же OTPге жеткенден, ошондой эле байланыш операторлорунун, Интернеттин, электр тармактарынын, OTP агрегаторунун кызматтарынын же башка тышкы сервистердин үзгүлтүктөрүнөн келип чыккан кесепеттер үчүн жооп бербейт, эгер мындай кесепеттер «OGOGO» санариптик платформасынын тиешелүү катышуучусунун же Лицензиардын күнөөсүнөн келип чыкпаса.

5.4. «OGOGO» санариптик платформасында санариптик идентификацияны, санариптик аутентификацияны, идентификаторлорду, санариптик жазууларды, санариптик документтерди жана санариптик кол тамгаларды колдонууга байланышкан бардык мамилелер ушул Эрежелер, Кыргыз Республикасынын Санариптик кодекси, Кыргыз Республикасынын башка колдонулуучу мыйзамдары жана «OGOGO» санариптик платформасында жайгаштырылган же түзүлгөн тиешелүү документтердин шарттары менен жөнгө салынат.