OGOGO /Кардарларга жардам/Бөлүп төлөөнү жабуу боюнча нускама
Жардам борборуна кайтуу
OGOGO Help

Бөлүп төлөөнү жабуу боюнча нускама

Активдүү өтүнмөнү ачып, банкты тандап же QR-код алып, бөлүп төлөөнү кантип төлөө керектигин кадам сайын көрсөтөбүз.

OGOGO колдонмосунда бөлүп төлөөнү төлөө боюнча нускама

Бөлүп төлөөнү төлөө үчүн төмөнкү кадамдарды аткарыңыз.

0. Башкы экран

Башкы экрандан «Товарлар» бөлүмүн басыңыз.

Башкы экран

1. Өтүнмөнү тандоо

«Өтүнмөлөр» бөлүмүнө өтүңүз. Өтүнмөнүн статусу «Действующие» болуп өзгөргөндө, анын карточкасы жашыл түскө өтөт.

Ошол өтүнмөнү басыңыз.

Өтүнмөнү тандоо

2. Төлөмгө өтүү

Өтүнмөнүн ичинде оң жактагы жогорку бурчтан «Оплатить» баскычын басыңыз.

«Оплатить» баскычы

3. Төлөө ыкмасын тандоо

«Оплатить» баскычын баскандан кийин жеткиликтүү банктардын тизмеси ачылат.

Бул жерден:

  • тизмеден банкты тандасаңыз — OGOGO сизди автоматтык түрдө тандалган банктын колдонмосундагы төлөм экранына өткөрөт;
  • же кол менен төлөө үчүн QR-код алсаңыз болот.

Төлөө үчүн жеткиликтүү банктардын тизмеси

4. Банктын колдонмосу аркылуу төлөө

Тизмеден банкты тандаңыз. OGOGO сизди автоматтык түрдө тандалган банктын колдонмосундагы төлөм экранына өткөрөт.

Банктын колдонмосуна өткөндөн кийин төлөм суммасын киргизип, «Оплатить» баскычын басыңыз.

Банктын колдонмосунда сумманы киргизүү жана төлөө

Сейрек учур үчүн

Банкыңыздын колдонмосу тизмеде жок болсо гана

Көпчүлүк учурда төмөнкү кадамдарды аткаруунун кереги жок. Мурунку кадамда банкыңыздын колдонмосун таппасаңыз гана QR-код аркылуу төлөңүз.

5. QR-код алуу

QR-код менен төлөө ыкмасын тандасаңыз, экранда QR-код пайда болот.

Экрандын төмөн жагынан:

  • «Сактоо»
  • же «Бөлүшүү» баскычын тандаңыз.

Төлөм үчүн QR-код

6. Сүрөттү сактоо

«Сактоо» баскычын баскандан кийин QR-коддун сүрөтү телефондун галереясына сакталат.

7. Банктын колдонмосунан QR-код аркылуу төлөө, мисалы MBank

  1. Банкыңыздын мобилдик колдонмосун ачыңыз.
  2. QR-код аркылуу төлөө бөлүмүн тандаңыз.

QR-код менен төлөө

  1. «Галереядан» деген опцияны тандаңыз.

«Галереядан» опциясын тандоо

  1. Галереяда сакталган сүрөттү жүктөңүз.

Галереядан сүрөт жүктөө

  1. Төлөмдүн суммасын жазыңыз жана төлөңүз.

Сумманы киргизүү жана төлөө

QR-код сканерленгенден кийин төлөмдү банктын колдонмосунда ырастаңыз.